Бишкекте жеңил унаа менен Тез жардам унаасы сүзүштү

11-мартта Бишкекте Тез жардам унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу “Врач на скорой” баракчасында айтылат.

Кырсык Байтик Баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Тез жардам унаасы менен жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Тез жардам унаасынын айдоочусу жана таксинин жүргүнчүсү жабыркаган. Алар травматология бөлүмүнө жаткырылган.