Бишкекте таксистке бычак сайды делип 62 жаштагы киши кармалды

Бейбаштыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя 6-ноябрда болгон. Таксист кардарды айткан дарегине алып бара жатып, белгиленген жерге жетпей Байтик Баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жүргүнчү айдоочуга кол салып, качып кеткен. Бычактан жаракат алган жаран милицияга кайрылган. Факты РИИБге катталып, Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 1959-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.