Бишкекте таксистти тоногон шектүүлөр кармалды

Бишкекте тоноо фактысына шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Свердлов РИИБден билдиришти.

Кылмыш 29-мартта Чыгыш-5 кичи районунда болгон. Саат 01:20 чамасында үч жүргүнчү таксиге отуруп, даректи көрсөтүшкөн. Кетип бара жаткан учурда таксистке кол салышкан. Белгисиз нерсе менен коркутуп, анын 2 уюлдук телефонун жана 25 миң сомун алып кетишкен.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен катталган. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ менен Ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1999, 1993 жана 2000-жылы туулган жарандарды кармаган. Тергөө уланууда.