Бишкекте талап-тоноого шектүүлөрдүн дагы бири кармалды

Бишкектеги талап-тоноо кылмышына шектүү кармалганын бүгүн, 17-июнда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын март айында милиция кызматкерлерине 20 жаштагы жигит жардам сурап кайрылган. Анын айтымында, 28-мартта түн ичинде Хундай автоунаасын башкарып бара жаткан. Анын жанында жүргүнчү бар болчу. Асанбай кичи районуна жеткенде аны жолдун жээгине сүрүп чыгарган автоунаадан бейтааныш адамдар түшүп, күч менен аны жана жүргүнчүнү алып кетишкен. Алар бычак такап коркутуп, унаасын күрөөканага калтырып, 2000 доллар ал деп талап кылышкан. Акчаны алгандан кийин качып кетишкен.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 2 шектүү 31-мартта кармалган. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кечээ дагы бир шектүү — 1996-жылы туулган жаран кармалды. Кылмыштын башка катышуучулары изделип жатат.