Бишкекте талапкердин ишенимдүү адамы кармалды

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын (Шайлоочуларды сатып алуу) белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүп жаткан жеринен Бишкек шаарынын Свердлов бир мандаттуу округу боюнча өзүн-өзү көрсөткөн талапкер Таалайбек Дайырбековдун ишенимдүү өкүлү кармалды.

Такталгандай, өкүл талапкердин штабынын расмий эмес кызматкери болуп, айрым жарандарды мыйзамсыз үгүт иштерине тартып, шайлоочуларды акчалай сыйлыкка сатып алуу иштерин жүргүзгөндүгү аныкталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, шектүү тарабынан добуштарды сатып алуу фактылары боюнча фактылар такталып, 26-ноябрда акча каражаттарын бөлүштүрүп жаткан жеринен кармалды. Ошол эле учурда, алар тарабынан штаб катары пайдаланылган жайларды жеке тинтүү учурунда, шайлоочулардын даректерин көрсөткөн тизмелери менен ири суммадагы акча каражаттар табылган.