Бишкекте таң эрте көчөгө ымыркай кызды таштап кетишкен

Бүгүн, 19-мартта саат 7:35 чамасында Бишкектин Салиев көчөсүнөн жаңы төрөлгөн кыз табылды. Бул тууралуу Сереп Медиага Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ымыркайда Салиев көчөсүндөгү №217 үйдүн жанына ак кездемеге ороп, көк жащикке салып таштап кетишкен. Көчөдөн өтүп бараткан аял баланы байкап калып, милиция чакырган. Жерине келген Свердлов райондук ИИБдин ыкчам-тергөө тобу тез жардам кызматын чакырган.  Алар баланы «Бөбөктөр үйүнө» алып кетишкен.

Дарыгерлер баланын абалын канааттандырарлык деп баалашууда.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, кыздын энеси изделүүдө.