Бишкекте таңга маал катталган жол кырсыктан 2 жаран куткарылды (сүрөт)

Бүгүн, 30-ноябрь күнү саат 04:30 чамасында Бишкектин Анкара көчөсүндө жол кырсыгы катталып, Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши — 1996-жылы туулган Э.Э. уулу жана О.Д. аттуу (туулган жылы такталууда) жабыркаган.

Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан гидравликалык-авариялык куткаруу шайманынын жардамы менен чыгарышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.