Бишкекте таңга маал унаанын терезелери, эшиги талкаланган. Шектүү кармалды

Кайгуул кызматкерлери унааны талкалоого шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-ноябрда саат 06:15 чамасында «102» кызматына 6-кичи районундагы үйлөрдүн биринде токтоп турган унааны белгисиз жаран талкалап жатат деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, белгисиз жаран Тойота Ярис үлгүсүндөгү унаанын алдыңкы, арткы жана каптал терезелерин, эшиктин ачкычтарын талкалап материалдык чыгымга алып келген. Ошондой эле мындан башка 5 унаанын мамлекеттик номурун чечип алгандыгы аныкталган. Кылмышка шектүү катары1997-жылы туулган жаранды кармашып, Октябрь РИИБне андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткиришкен.