Бишкекте тапанчасы менен коркуткан жаран аныкталды. Жабырлануучу арыз жазуудан баш тартты

Кечээ, 5-августта социалдык тармактарда Бишкекте жаранды тапанча менен коркутуп жаткан кишинин видеосу тараган. Бишкек ШИИБден окуя боюнча маалымат беришти.

Аталган факты Ленин РИИБге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1989-жылы туулган жаран милицияга жеткирилген. Тиешелүү тергөө аракеттеринин жүрүшүндө ал өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине белгисиз маркадагы тапанчаны экспертиза дайындоо үчүн тапшырган. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жабырлануучу жазуу жүзүндө арыз берүүдөн баш тартып, анын баш тартуусуна дооматы жок экендиги негиз болгон.