Бишкекте таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Маалыматты журналисттерге Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов тастыктады.
Анын айтымында, чалуу мурунку түнү болгон. «Бала төрөт үйүнө жаткырылды. Ал ай-күнүнө жетип төрөлгөн, абалы канааттандырарлык, үшүп калган», — деди ал.
Егор Борисов белгилегендей, жаңы төрөлгөн баланын энеси белгисиз.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги окуя боюнча Октябрь РИИБге кайрылганыбызда, маалымат берилерин айтышты.