Бишкекте терезенин торуна кыпчылып калган жаран куткарылды. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө

Бишкекте эркек киши терезедеги темир торго кыпчылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-апрель күнү куткаруу кызматына «Улан-2» кичи районунда жайгашкан үйдүн  биринчи кабатындагы батирдин терезесиндеги торго эркек киши кыпчылып калган тууралуу маалымат түшкөн. Ал куткаруучулар тарабынан жана дарыгерлердин көзүнчө атайын шаймандардын жардамы менен бошотулган. Медициналык жардамга муктаждык болгон жок.

Окуянын чоо-жайы ИИМ кызматкерлери тарабынан иликтенүүдө.