Бишкекте тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

Свердлов РИИБдин тергөөчүсү опуза талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

30-апрелде УКМКнын жана ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүп, Свердлов РИИБдин тергөөчүсү акча алган жеринен кармалды. Учурда тергөө амалдары улантылууда.