Бишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалды

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте РИИБдин тергөөчүсүн кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 20 миң сом акча каражатын опузалап талап кылууга шектелген милиция кызматкерин кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүштү. Шектүү катары Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсүн тергөө бөлүмүнө жеткиришкен.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.