Бишкекте Тез жардам кызматынын кызматкерине кол салуу болгон. Милиция шектүү бошотулганын билдирди

Бишкекте Тез жардам кызматынын кызматкерлерине кол салуу болду. Бул тууралуу Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов соцтармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, 17-сентябрь күнү саат 19:42де бейтаптын дем ала албай жатканы боюнча маалымат түшкөн. Медициналык жардам көрсөтүлүп жатканда, бейтап «муунтуп жатат» деп кыйкыра баштаган. Ошол учурда бейтаптын күйөөсү жана башка адамдар дарыгерге кол салган.

«Учурда медицина кызматкерлери укук коргоо органдарына арыз жазып, соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө жана амбулатордук дарылоого жиберилди», — деди директордун орун басары.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маалымат беришти. Маалыматка караганда,17-сентябрда саат 20:20 чамасында милицияга медициналык кызматкерге кол салуу боюнча маалымат түшкөн. Биринчи Май РИИБдин кызматкерлери барышканда дарыгер арыз жазып, 1994-жылы туулган жаран милицияга жеткирилген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет. Ал эми шектүү бошотулган.