Бишкекте Тез жардам унаасы менен жол тандабас сүзүшүп, 3 киши жаракат алды

Бүгүн, 4-февралда саат 08:30 чамасында Тез жардам кызматынын унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кырсык Ахунбаев менен Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 1990-жылы туулган кыздын башкаруусундагы Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа менен Тез жардам унаасы сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Тез жардам унаасынын бир жүргүнчүсү менен айдоочусу, Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жеңил жаракаттарды алышкан.

Азыркы учурда эки унаа тең убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыктарынын келип чыгуу себептери такталууда.