Бишкекте Тез жардам дарыгеринин сабалышы. Экинчи тарап өз версиясын айтты

Буга чейин социалдык тармакка дарыгерди сабап салды делген аялдын видеосу тараган. Видеодогу аял СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуя боюнча өз чындыгын айтып берди.

«Менин 5 жана 12 жаштагы кыздарым бар. Экөөнүн тең ичи ооруп, дене табы 41 градустан түшпөй жаткан. Бир күн мурда Бишкектеги менчик клиникага барып, УЗИге түшүргөнбүз. 10 саат тамак жебей келсин дешкен. Кызымдын ичи ооруп, жерге жатып калган соң,103кө чалып, дарыгерден кеңеш алдым. Ал Тез жардам жөнөтөрүн айтты. 2 сааттан кийин 2 аял киши, 2 эркек киши Тез жардам кызматы менен келди. Дарыгер ооруп жаткан ичин катуу кармап, орой мамиле кылып, жатчы деп, кызымдын мурдуна уруп жиберди. Мен кайра 103кө чала баштасам, телефонумду колумдан жулуп алды. Уруша кеттик. Ал мени да 5-6 жолу уруп жибергенде, экөөбүз тең кулап түштүк. Бул боюнча Ленин РИИБге арыз жаздым», — деди ал.

Редакция Бишкек шаарынын Ленин РИИБине кайрылганда райондук милиция бул факты боюнча эки тарап тең арыз менен кайрылганын ырастады. «Азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, тиешелүу экспертизалар дайындалган, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат», — дешти милициядан