Бишкекте тез тамактануучу жай өрттөнүп кетти (сүрөт)

Бишкектеги тез тамактануучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, тез тамактануучу жай Чүй проспектиси менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Адегенде 1 бөлүм, кошумча саат 02:17де дагы 1 бөлүм, саат 02:20да суу ташуучу унаа, саат 02:21де штаб тартылып, өрт саат 03:41де толук өчүрүлдү.