Бишкекте тез татым жайында өрт чыкты (cүрөт)

Бишкектby Чүй проспектисинде жайгашкан тез татым жайында өрт чыкты. Бул тууралуу Сереп Медиага өздүк булактар кабарлашты.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, өрт фри бышырып жаткан майдан чыккан. Жабыркагандар болгон эмес. Кырсык катталган жерге бир өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча бул тууралуу маалымат тарата элек.