16-июнь күнү социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда интернет тармагында asanov_live аты менен жеке баракчасында, коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана массалык башаламандыктарга алып келүүчү сөздөрдү айтып, коомчулукта
резонанс жараткан маалымат жарыялаганы аныкталган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Бул факты текшерүүгө алынып, Бишкек ШИИБге катталган. Ошону менен бирге ар тараптуу диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалып, Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүрүп баштаган. Экспертизанын жыйынтыгынын негизинде, 330-беренесине (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1982-жылы туулган жаран аныкталып Тергөө кызматына жеткирилген.