Бишкекте тиш дарылаткан кыздын чарчап калышы. Кылмыш иши козголду

Бишкекте КММАнын медициналык борборунда 3 жашар кыз тиш дарылатып жатып каза болду.

Октябрь РИИБден билдиришкендей, 18-декабрда кыздын чоң энеси арыз менен кайрылган. Ал небереси дарыгерлер кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыктан каза болгонун билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай эмес аткаруусу) негизинде кылмыш иши козголду. Экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.