Бишкекте тиш дарылатып чарчап калган 3 жашар кыз. Анестезиолог эмнеге үй камагына чыкты?

18-декабрда Бишкекте тишин дарылаткан 3 жашар кыз чарчап калган. Анын чоң энеси менен атасы акыйкаттык издеп коомчулукка кайрылган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган.

12-январда Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шектүү кармалган. Ал 1992-жылы туулган аял киши болгон. Экспертизанын жыйынтыгында «баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок» себеп болгон.

Бүгүн, 31-январда чарчап калган кыздын чоң энеси СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кайрылып, кармалган анестезиолог үй камагына чыкканын билдирип, акыйкаттык таппай жатканын айтып, митингге чыкканын билдирди.

Редакцияга маалыматты Бишкек шаардык сотунан тастыкташты. «Соттук коллегия сот актысын чыгарууда айыпталуучунун туруктуу жашаган жери бар экендигин, тагылган айып анча оор эмес кылмыш категориясына таандык экендигин эске алуу менен үй камагына чыгарылды»,- дешти.