Социалдык тармактарда тойдон кийин мушташкан жарандардын видеосу тараган. Окуя боюнча Октябрь РИИБден маалымат беришип, шектүүлөр кармалганын билдирди.
«21-августта социалдык тармактарда мониторинг кылуу учурунда Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринин унаа токтотуучу жайында белгисиз адам мушташып жаткан видеосу аныкталган.
Аталган факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, 5 жаран кармалып, камакка алынды»,— деп айтылат маалыматта.