Бишкекте төртүнчү мектеп директору пара менен кармалды

Бир жуманын ичинде Бишкектеги билим берүү мекемелерине окуучуну кабыл алууда мыйзамсыз акча талап кылгандыгы үчүн төртүнчү мектеп директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

1-сентябрда окуучуну башка мектепке которуу маселеси оң жагына чечилиши үчүн 5 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган борбор калаадагы мектептердин биринин дагы бир директору кармалып, камакка алынган.