Бишкекте төшүнө бычак сайылган абалда жаран ооруканага жеткирилип, көз жумду

Кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 5-октябрда болжол менен саат 00:05 чамасында «102» кызматына Ак-Ордо жаңы конушунда жаран бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган кайгуул кызматкерлери маалыматты тактаганда, 1991-жылы туулган жаран төшүнө бычак сайылган абалда ооруканага баргандыгы жана кошунасы мас абалында ага карата ашкана бычагын колдонгондугу аныкталган.

Жаракат алган жаран ооруканага жеткирилип, ошол жерде алган жаракатынан улам көз жумган. Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган кошунасын кармашып, Ленин РИИБдин Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткиришкен.