Бишкекте троллейбус окуучуну сүзүп кетти

Бишкекте троллейбус мектеп окуучусун сүзүп кеткен. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазды.

Маалыматка караганда, кырсык Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде катталган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдирүү түшкөнүн, жерине кызматкерлер кеткенин билдиришти.