Бишкекте троллейбустан чыккан өрт. Окуянын чоо-жайы

Социалдык тармактарда Бишкекте троллейбустан өрт чыккандыгы тартылган видео тараган. Окуя боюнча Бишкек мэриясынан маалымат беришти.

Окуя бүгүн, 2-сентябрда саат 9:15 чамасында Ахунбаев менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Байланыш түйүнүнүн жетишсиз кысылышынан, троллейбустун тормоздук контактору түтөй баштаган. Айдоочу кабинадан чыгып, штанганы линиядан алып салган. Окуя болгон жерге тартуучу подстанциянын тобу келип, троллейбус мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн паркка жеткирилген. Жабыркаган жүргүнчүлөр жок.