Бишкекте туруктуу жашаган жери жок 18 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди

Ленин районунун аймагында коомдук жайларда бейбаштык кылган, туруктуу жашаган жери жок, селсаяктык жана кайырчылык менен алектенген адамдарды аныктоого багытталган түшүндүрүү иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынан маалымдашты.

Кечээ, 19-августта милиция бөлүмүнө туруктуу жашаган жери жок, аты-жөнүн тастыктоочу документтери жок 18 жаран алып келинген. Жеткирилген жарандар сүрөткө тартылып, манжа издери алынып, каттоого коюлду. Андан тышкары, ар бири менен түшүндүрүү-сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө 4 жаранга Укук бузуулар кодексинин 126-беренесинин (майда бейбаштык) негизинде протоколдор түзүлдү.