Бишкекте түн ичинде коомдун тынчын бузган айдоочу айыпка жыгылды (видео)

Автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Социалдык тармакта түн ичинде коомдун тынчын бузуп, атайын автоээнбаштык жасаган жарандар боюнча видео тараган. Бул факты боюнча Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам түрдө Toyota ground үлгүсүндөгү унаанын 2005-жылы туулган айдоочусун таап, Укук бузуу кодексинин 189-беренесине ылайык, 15 миң сом айып салып, унаасын айып короо жайына токтотушту.