Бишкекте түн ичинде үйдө өрт чыгып, үй ээси көз жумду

Бишкекте үй өрттөнүп, үйдүн ээси көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт Биринчи Май районундагы үйдөн чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 03:50дө 2 бөлүм, 1 суу ташыгыч унаа, саат 04:42де штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 05:45те чектөөгө алынып, саат 07:07де толук өчүрүлгөн.

Жалпы аянты болжол менен 130 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган турак үй толугу менен өрттөндү. Ошондой эле үйгө кошулган сарай, таштанды күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1949-жылы туулган үй ээси каза болду. Учурда өрттүн себеби такталууда.