Бишкекте түндө кыз эркек кишинин телефонун тартып алып, качып кеткен

Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан тоноого шектүү кармалды. Бул тууралуу аталган райондук милициядан билдиришти.

8-сентябрда жаран белгисиз кыз кишиге чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү  түнкү саат 03:00 чамасында Чүй проспекти менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде, белгисиз кыз күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алганын, андан соң белгисиз тарапка качып кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.