Бишкекте түндө мечиттин терезесинен кирип, 330 миң сомду уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте түн ортосунда мечиттин терезесинен кирип, 330 миң сомду уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2024-жылдын 29-сентябрында түнкү саат 03:00 чамасында болгон. Бул факты боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2006-жылы туулган К.Х. кармалган. Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 2 айга камакка алынды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө анын дагы 8 окшош кылмыш фактысын жасоого тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда кылмыш иши сотко маңызы боюнча кароого жөнөтүлдү.