Бишкекте түнкү эс алуу жайларын текшерүүдө баңгизаттар табылды (видео)

Бишкекте түнкү эс алуу жайларын күтүүсүз текшерүүдө баңгизаттар табылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шаар тургундарынан жана жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундарынан Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан түнкү клубдарда баңги каражаттар, анын ичинде коркунучтуу күчтүү таасир этүүчү синтетикалык каражаттар таратылып жаткандыгы, алардын колдонулушуна жашы жете элек балдар көбүрөөк тартылып жаткандыгы жөнүндө даттануулар түшкөн.

Мындан тышкары, жогоруда аталган мекемелерге келгендер алкоголдук жана наркотикалык, мас абалында коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдерин бузуп, мыйзамсыз аракеттерди жасашканы айтылган.

Кечээ, 22-сентябрда соттун токтомунун негизинде Бишкек шаарынын Тергөө кызматы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан түнкү клубдарда кызматтык издөө иттерин колдонуп тинтүү жүргүзгөн. Тинтүү иштеринин натыйжасында аталган фактылар тастыкталып, эки мекемеден (жашыруун жерлерден) баңгизаттар жана аларды колдонууга ыңгайлашкан буюмдар табылган. Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында бардык тиешелүү адамдарды ашкерелөөгө багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Жарандардын ден соолугун тамеки чегүүнүн кесепеттеринен текшерип, жыйынтыгында Укук бузуулар кодексинин 83-беренесине (белгиленбеген жерлерде тамеки заттарын тартуу) ылайык 4 протокол түзүлдү.