Бишкекте Түштүк магистралдагы 2 гектар чөп күйүп кетти

Бүгүн, 12-июлда Түштүк магистралдын батыш тарабы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.

Түштүк магистралдын батыш тарабында өсүп турган кургак чөп өрттөнүп жаткан жерге Бишкек шаардык 28-ӨКБнын 1 бөлүмү тартылган. Такталган маалымат боюнча, Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт саат 14:10дө чектөөгө алынган. «Ала-Тоо» ресторанынын күн батыш тарабында болжол менен 2 гектар чөп күйгөн. Бул тилкеде саат 15:38де тилсиз жоо толук өчүрүлгөн.