Бишкекте УКМКнын күбөлүгүн жасалмалаган шектүү кармалды

Бишкекте документтерди жасалмалоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Бишкекте бир жаран мыйзамсыз УКМК кызматкерлеринин кызматтык күбөлүктөрүн жана 300-500 долларга «оперативдик номурларга» күбөлүктөрдү жасап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Жазык кодексинин 359-беренесине (документ жасалмалоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Укук коргоо органдары кылмышка шектүү катары 30 жаштагы мурда соттолгон жаранды кармашкан. Аны тинтүү учурунда УКМКнын кызматкеринин күбөлүгү чыккан. Октябрь райондук сотунун чечими менен кармалган шектүү СИЗО-1ге 1 айга камакка алынды.