Бишкекте Улуттук кардиология борборунан ири өрт чыгып, 15 оорулуу эвакуацияланды

Бишкекте Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Учурда эвакуациялоо жана чалгындоо иштери жүргүзүлүүдө. ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сталбек Абдылда уулунун айтымында, он бештей дарылануучу эвакуацияланган.

«Өрттү өчүрүүгө саат 21:07де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 2, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, 1 автошаты, Ленин райондук №6 ӨКБдан 1, Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1, 1 автошаты, Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, өрт өчүрүүчү Штабы, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан ыкчам топ 1 дрон менен тартылган», — деп жазылат маалыматта.

Жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты тартылды.