Бишкекте унаа айдап бараткан мас аялдын жол тескөөчүлөргө «концерт» койгон видеосу жарыяланды

Бишкекте унаа айдап бараткан мас аялдын видеосун Милициянын кайгуул кызматынан бөлүшүштү.

Аял 8-мартка карата ичип алганын айтып, жол тескөөчүлөргө «концерт» койгон. Патрулдук милиция соңку убакта ичип алып руль башкарган аялдардын саны эки эсе өскөнүн белгиледи.