Бишкекте унаа айдап качкан адам кырсыкка кабылды (видео)

Бишкекте унаа айдап качууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-августка караган түнү Бишкекте Киа Оптима үлгүсүндөгү унаа уурдалган. Шектүү рулду башкара албай, кырсыкка учураган. Андан соң шеригин таштап, окуя болгон жерден качып кеткен. Бирок милиция кызматкерлери аны кармап, Биринчи Май районунун тергөө органдарына өткөрүп беришкен.