Бишкекте унаа айдап качкан делип жаш кыз кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери унаа айдап качкан жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

4-майда болжол менен түнкү саат 01:30 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматынан Чүй проспектисинде жайгашкан «Глобус» соода борборунун жанында токтоп турган Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унааны белгисиз адамдар айдап качып кетти деген маалымат келип түшкөн.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан Жайыл-Баатыр жана Арча-Бешик көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган кызды кармашып, Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткиришкен.