Бишкекте унаа айдап качкан шектүүлөр кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 

Милицияга Ахунбаев менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен Хонда Стрим үлгүсүндөгү унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кызматкерлер кылмышка шектелген эки жаранды кармашкан. Алар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.