Бишкекте унаа айдап качууга шектелип үч жигит кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Милицияга шаар тургуну 20-апрелде арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 20-апрелге караган түнү саат 03:10 чамасында короодо токтоп турган унаасын белгисиз адамдар айдап кеткен. Арыздануучу Хонда Фит унаасын 450 миң сом деп баалаган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 211-берене (унаа транспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, тергөө жүрө баштаган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 2002-жылы туулган 2 жигит, 2003-жылы туулган бир жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.