Бишкекте унаа айдап качып, жол кырсыгына кабылган шектүү изделип жатат

Милиция кызматкерлери унаа айдап качууга шектелген жаранды издөөнү улантууда. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш 30-декабрга караган түнү болгон. Кылмышкерлер үйдүн алдында токтоп турган Субару үлгүсүндөгү унааны айдап качышкан. Аны жол тескөөчүлөр байкап калышып, артынан түшүшкөн. Алар качууга аракет кылышып, жол кырсыкка кабылышкан. Унааны ошол жерге таштап, качып кетишкен.

Унаадан 20-25 жаштагы жигиттер качып чыгышкан. Бирөөсүнүн бою 175-180 сантиметр, арык, сол кашынын алдында тырыгы бар. Кара куртка, кара шым, кара шапка жана ак түстөгү бут кийим кийген.

Милиция шектүүнү көргөндөр болсо, 0 (500) 444-143 номуруна же «102» кызматына чалууну суранат.