Бишкекте унаа басып калып, каза болгон киши. Териштирүү башталды

Буга чейин 21-майда Бишкекте унаа оңдоочу жайлардын биринде 43 жаштагы жаран каза болгону маалым болгон.

Маалыматка караганда, анын үстүнө унаа көтөргүчтөгү унаа кулап, ал жеринде каза болгон.

Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден тастыкташты. Окуя боюнча териштирүү башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат.