Бишкекте унаа жолдон чыгып, аял киши менен баланы сүзүп кетти

Бишкектеги Токтогул көчөсүндө Мерседес жолдон чыгып кетип, жөө адамдар жүрүүчү жерден аял киши менен баланы сүзгөн. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазды.

Медициналык Тез жардам борборунун башкы дарыгеринин орун басары Егор Борисов Тез жардам кызматына чакыруу саат 14:10до түшкөнүн билдирди. «Кыз клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылды, анын баш мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынган болушу мүмкүн. Бала мээси чайкалып, балдар ооруканасына жаткырылды», — деди ал.