Бишкекте унаа оңдоочу жай өрттөндү. Жанындагы түтүнгө толгон жатаканадан 40 киши эвакуацияланды

Кечээ, 7-декабрда Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан унаа оңдоочу жайдан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 20:22де Октябрь районунан 3 күжүрмөн эсеп жана штаб жөнөтүлгөн. Тилсиз жоо саат 21:18де чектөөгө алынып, саат 22:13тө толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен унаа оңдоочу жайга жанаша салынган жатакана түтүнгө толуп, мында жашаган чет элдик 40 жаран куткаруучулардын жардамы менен коопсуз жайга эвакуацияланды.

Бөлмөдө калып калган дагы бир адамды газ түтүндөн сактоо тобу алып чыгып, ага алгачкы жардам көрсөтүшкөн. Учурда анын абалы жакшы. Ал эми унаа оңдоочу жайдын болжол менен 40 чарчы метри өрттөнгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымы такталууда.