Бишкекте унаа оңдоочу жайда өрт чыкты

Бишкек шаарынын Балбан-Таймаш конушунда бүгүн, 20-январда техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 09:17де толук өчүрүлдү.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ бир дрону менен жана штаб тартылган. Өрттүн аянты болжол менен 250 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.