Ысык-Көлдө унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 16-июль күнү Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну 1965-жылы туулган Т.М. арыз менен кайрылган. Ага ылайык, жабырлануучу саат 04:45 чамасында Тойота Карина үлгүсүндөгү унаасын мечиттин жанына токтотуп кирип кеткен. Мечиттен чыкканда унаасын белгисиз адамдар айдап кеткенин билген. Аталган арыздын негизинде унааны уурдоого шектелип Чолпон-Ата шаарынан А.Н. аттуу жаран кармалган. Шектүү тергөө бөлүмүнө киргизилген.