Бишкекте унаа уурдоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 12-июнда билдиришти.

Окуя 2-июнда түнкү саат 01:00 чамасында Толстой көчөсүндөгү үйдүн короосунда болгон. Белгисиз адамдар Хонда Одиссей унаасын уурдап кетишип, үй ээси милицияга кайрылган. Бул факты Жазык кодексинин 206-беренеси (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталган.

Ленин РИИБдин жана Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган жана 1999-жылы туулган эки жаран кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийинчерээк сот кармалгандарды СИЗО-1ге эки айга камады. Милиция кызматкерлери уурдалган унааны Сокулук районунан таап, арыз ээсине кайтарып беришти. Мындан тышкары, милиция кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоодо.