Бишкекте унаада өрт чыгып, 23 жаштагы жигит күйүк алды

Бишкектин 7-апрель менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын  кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттүн кесепетинен 2000-жылы туулган жаран сол колунун чыканагына чейин күйүк алып, “103” кызматы күйүк борборуна алып кетишкен.