Бишкекте унаадан өрт чыгып, ал толугу менен күйүп кетти

Бүгүн, 1-апрелде Аламедин-1 кичи районунун Зеленая көчөсүндө унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Өрттү өчүрүүгө саат 10:15те 1 бөлүм тартылган, саат 10:38де чектөөгө алынып, жалын толугу менен саат 10:47де өчүрүлдү. Натыйжада “Ауди-100” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.