Бишкекте унаанын айнегин чагып, айдап качууга шектүүлөр кармалды

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан унаа уурдоого шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

7-декабрь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБге жаран белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 2 чамасында Ак-Өргө жаңы конушунун Ак-Ордо көчөсүнөн Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаасын айдап качып, унааны жолдо таштап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 37, 211-беренесине (автотранспорт каражатын басып алууга аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган 2 шектүү аныкталып, кармалган. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.